1-июлдан 2-июлга караган түнү кыргыз жеринде мусулмандар Кадыр түн тосушту. Бул түнү өлкөдөгү бардык мечиттерде куран окулуп, дин тууралуу баяндар айтылды. Кадыр түндү Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү борбордук жана бир катар ири мечиттерде тосушту.
Исламда беш парз болсо, анын бири - орозо. Мусулмандар бул улуу айда орозо кармашып, ал айды ибадат кылуу менен өткөрүшөт. Мына ошол Орозо айынын акыркы он күнүндө миң айдан да берекелүү Кадыр түн кечеси катылган. Анда адамдар түнү менен уктабастан намаз окуп, Жараткандан жакшылыктарды тилешет.