Бүгүн, 2-июлда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Талас шаарында “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Акцияга Талас облусунун Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышууда. Иш-чаранын негизги максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго адаптациялоо жана аларга карата коомду гумандаштыруу.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, учурда өлкөдө 172 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 28 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдарды түзөт. Ал эми Талас облусунда учурда 7900 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 1600ү балдар.
“Биз мындай акцияларды 2013-жылдан бери өткөрүп жатабыз. Коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир адамды көрсө бир ой, эки адамды көрсө башка ой пайда болот, ал эми жүздөгөн, миңдеген адамдарды көрсө дагы башка терең ойду пайда кылат. Мамлекетте бардык жарандардын укугу бирдей. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын да. Андыктан коомубузду ар кандай дартка туш болгон жарандардын турмуштук көйгөйлөрүнө көңүл бурууга жана жашоодо атайын шарттарды түзүүгө аракет жасаганга чакырабыз”, - дейт министр К.Базарбаев.
Балдар үчүн концерт уюштурулуп, ар бир катышуучуга белектер жана таттуулар таратылды.
Эске салсак, “Жүрөктөн жүрөккө” акциясы министрлик тарабынан буга чейин Бишкек, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад шаарларында уюштурулган.