Жалал-Абад облусунда Жол-патрулдук милициясы кызматка киришти, бирок бир да унаа берилген жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция кызматкери Нурлан Саркаров билдирди.
"Учурда 150 кызматкер Жол-патрулдук милициясында өз ишин баштады, бирок Жалал-Абад ОИИБине бир да унаа берилген жок. Буга чейин Жол-кайгуул кызматы иштетип келген унааны колдонуп жатабыз", - деп билдирди Саркаров.
Белгилей кетсек, 1-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарында Жол-патрулдук милициясы ишке киришкен.