Мындан 20 жыл мурун, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын мурунку төрагасы Цзян Цзэмин кыргыз-кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюшкан. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгү-Кууш тилкеси эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен келишимге киргизилген.
Кийинчерээк Үзөңгү-Кууш Кытайга жең ичинен сатылып кеткени жарыяланып, аны айтып чыккандардын бири, экс-депутат Азимбек Бекназаров камакка алынган. Анын артынан 2002-жылдагы Аксы окуясы келип чыккан.