Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн, 4-июлда жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуп, ЖОЖдордун абитуриент кабыл алууга даярдыгын сүйлөштү. 2016-2017-окуу жылына абитуриент кабыл алуу процессин жөнгө салуучу мыйзамдар, аларды так сактоо жөнүндө маалымат берилгенин кабарлады министрликтен. Сариева абитуриенттердин нааразычылыгынын негизинде, жогорку окуу жай жетекчилерине бюджеттик жана келишимдик негизде окуу орундары жөнүндө так маалыматтарды берүүнү, токтотулган программалар тууралуу коомчулукту кабардар кылууну тапшырды.
"Министрликтин коллегиясынын чечими менен чыгарылган буйруктар тийиштүү процедурадан өткөн, алар милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Ата-энелер менен абитуриенттерди адашууга түртпөгүлө", - деди Сариева.