Бишкекте көп балалуу энелер Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйланышты (фото)

Бишкекте көп балалуу энелер Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев 22 көп балалуу энеге Баатыр эне орденин жана 9 көп балалуу энеге Эне даңкы медалын тапшырды. "Район башчысы энелерди жогорку мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы менен куттуктады. Ал өсүп жаткан муунду тарбиялоодо энелердин ролу маанилүү экенин жана өлкөнүн көз карандысыздыгына, өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экенин баса белгиледи. Сөз соңунда Тынаев энелерге бекем ден соолук, бакыт жана бейпил жашоо каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aytur
2016-07-04 13:43:35
Менин апам 8 ди торгон Бакиев бир эне данкы деген медаль берген ал да жарабай калды. Азыр медалга акча берсен берем дептир!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан