СУПЕРСТАН: "Эл эмне дейт?" деген фраза бизге сиңип калганбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл эмне дейт?" деген фраза бизге сиңип калганбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Бирөөнүн жашоосуна кийлигишип, сындап, ушактагандар өтө жинге тийишет. Бирөөнүн жашоосун коюп, өзүң жөнүндө ойлон".

"Бул нерсе биздин менталитетте бар. Намыстандыруу иретинде болсо туура эле, кээде ашыкча эле башкалардан көз каранды болгондо чындап ачууга тийип кетет".

"Ушул сөздүн артынан, "Эмне дейт?.." деп жаман нерселерге барбайбыз го".

"Кыргыздар элден уялып, абдан намысчыл болот окшойбуз. Анан Кудайдан уялбайбыз. Кызык, болбосо эл деле бизге окшогон адам го. Жаныбарлар, мисалы, бири-биринен тартынбайт. "Эмне дейт?" да дешпейт".

"Мен ушу "Эл эмне дейт?" деп кадам жасайт экенмин көбүнчө. Жүдөө көрүнбөйүн, эл көрсө эмне дейт, көп сүйлөбөйүн, эл эмне дейт, эл эмне дейт, эл эмне дейт?.."

"Эл менен ишим жок, "суу үстүндө басып баратсаң дагы сууда сүзө албайт экен деп айтышат" деген сөзгө кошулам. Демек, мага өзүмдүн жана жакындарымдын ою гана маанилүү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aiya-2012
2016-07-04 13:16:12
Tarbiya turundo kaliptanip kalgan da.
+1
Tansuluu09
2016-07-04 13:31:16
Оа Эл эмне дейт? Ата энем, тууган уруктарым кантип элдин бетин карайт? деп жаман иштерде тыйылышыбыз мумкун.
Бирок деген жери бар. Эл бизге эмне кылып берет? Жашобузду жакшыртабы? Кээде соз кылгандан башка эч нерсеге жарабашы мумкун
+2
barakcha
2016-07-04 15:04:49
Эл эмне дейт деп озубуздун жашообузду каалагандай откоро албайбыз.
+2
salimbek87.kg
2016-07-04 17:18:49
Эл эмне дейт? Эл эмне десе дей берсин. Чын журоктон бари бир.
+2
Janym_ata_enem
2016-07-04 18:10:35
Ошол эл эмне дейт деген коркунучтан улам, бир турмуш коргон келинге баш кошо албай, ортодо жанчылып журом.
+2
Jyrgal_msk
2016-07-04 19:06:33
,,Эл эмне дейт" деген соз адамды коп жаман нерседен тыятго.Жакшы жагына кабыл алам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан