Ак үйдүн алдында өрттөнүүгө аракет жасаган Бакыт Мендешовдун апасы да бүгүн өзүнө өрт коюуга даярданууда. Бул тууралуу 4-июлда SUPER.KG порталына Турганбү Дүйшөева билдирди.
"Келиним Чолпон Мусахаджаева мыйзамсыз камалды. Буга чейин ал үй камагында болчу. Аны азыр убактылуу кармоочу жайда кармап турушат. Биздин талап - аны үй камагына чыгарып берсин. Эгерде үй камагына чыгарбаса, бүгүн саат экиде өзүмө бензин чачып өрт коём. Анткени өлкөдө акыйкаттык жок", - деп билдирди Дүйшөева.
Белгилей кетсек, 24-июнда Чолпон Мусахаджаеванын камалышына нааразы болгон күйөөсү, Кемин районунун 1972-жылы туулган Бакыт Мендешов аттуу тургуну Жогорку Кеңештин депутаты Абдыкапар Султановго нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет жасаган.
"Биз акыйкат издеп бир канча убакыттан бери митингге чыгып жатабыз. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыкапар Султанов тергөө ишине кийлигишкенин токтотсун. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөөгө таасир этип жатат. Ошондуктан бүгүн президент Атамбаевге кайрылып жатабыз", - деп билдирди Бакыт Мендешовдун агасы Улан Мендешов.
Улан Мендешовдун айтымында, Чолпон Мусахаджаева Кемин районунда "Элдик кредит" компаниясында башкы директор болуп иштеп келген. Ал "алдамчылык иштерге тиешеси бар" деп камакка алынган.