Америкалык жаран өзүнүн iPhone телефонуна үйлөндү. Мындай өзгөчө нике кыюу аземи Лас-Вегас шаарынын чиркөөлөрүнүн биринде орун алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
АКШнын жараны уюлдук аппараттын каптамасына нике шакегин жабыштырып, аны салтанаттуу түрдө тагынган. Өзүнүн мындай жар тандоосун ал бардык бош убактысын смартфон менен өткөрөрүн, аны менен бирге уктап, ойгонору менен түшүндүргөн. Катталган нике юридикалык жактан эч кандай күчкө ээ эмес. Бирок мындай жансыз нерселерге үйлөнүү салтанаттарына Лас-Вегас шаарынын бийлиги тыюу сала албайт.