Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышев жасаган үй, мечиттердин үлгүлөрү

Бүгүн, 5-июлда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышевди Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги барып көрдү. Тилек балмуздактын таякчасынан, ширеңкеден үй, мечиттерди жасайт. Ага үй, мечиттин үлгүлөрүн жасоо үчүн таякчалар, клей жана кышкы кийимдер белекке берилсе, үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр берилди. Тилекти Токмок медициналык социалдык комиссиясынын жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборунун кызматкерлери да барып көрүштү. Тилекке жеке дарылоо программасы иштелип чыгат.

"Тилек биз үчүн жарандык эрдиктин үлгүсү катары кызмат кылат. Кыйын ооруга карабай ал жеңилген жок. Ар бир ушундай өзгөчө бала жашоодо көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билиши зарыл", - деди К.Базарбаев.

Тилек Алтымышев тууралуу социалдык тармактарда коомдук активист Марат Абдраев айтып чыккан. Ал 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Ошондон бери эки эжеси, атасы менен чогуу жашайт. Майыптыгы үчүн өкмөттөн 3000 сом өлчөмүндө жардам алат. Атасы Нурбек Курманалиев II топтогу майып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sezim.A
2016-07-05 14:04:02
Мынча кооз жасалган,ылайым сенин да келечегин ушул уйлордон да кооз болушуна тилектешмин.Коптун катарында Жараткан келечегини кен кылсын.
+4
nuriyaeljan
2016-07-05 14:04:16
Аллах шыфаа берсин! Онорун оссун!
+4
ayildik_kiz
2016-07-05 14:47:00
Шедевр го .Укмуш сонун жасаптыр, ушул балага муну менен эле чектелип калбай дагы да жардам колун сунушса мыкты архитектор чыккыдай
+3
kofesmolokom
2016-07-05 15:13:38
Спонсор болгон киши табылып, коргозмо ача турган экен. Менимче, сатып алуучулар чекесинен чыгат болуш керек. Менин уйумдо ушундай кооз мечиттин архитектурасынын турушун энсеп кеттим. Талантын ташкындай берсин, колуна береке берсин! Сыймыктана турган Кыргыздын уулу экенсин! Атана таазим этемин!
+2
nuri2605
2016-07-05 18:48:14
Азамат! Ар тараптан колдоо болсо, мыктылардын мыктысы болосун буйруса!
+1
Tahisha
2016-07-05 22:08:50
Бул бала кыйын го. Мындай баладан бирнесе чыкмак... котормолош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан