Кытай Эл Республикасынын демилгеси менен Орозо айт майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 6-июль күнү “Торугарт унаа жол” жана “Эркеч-Там унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайлары жабылат. Өткөрүү жайлары 7-июлда кайрадан иштей баштайт.