Мындан 77 жыл мурун, 1939-жылы Кыргызстан КПнын Борбордук комитети "Колхоздор пайдаланчу сугат суусун үнөмсүз колдонууга каршы чаралар" аттуу токтом кабыл алган. Токтомдо чарбаларда орун алган сууну ысырап кылган көрүнүштөр катуу сынга алынып, сугат адегенде колхоз үчүн берилип, андан кийин гана башкалардын бакчаларына бөлүнүү тартиби такталган.