Сот "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана атасы Хорхе Мессини 21 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Алар салык декларациясын толтурууда жасалма документ тапшырганы үчүн айыпталып жатышат. 2007-2009-жылы футболчунун атын колдонуудан түшкөн киреше жашырылганы 2013-жылдан бери айтылып келет. Мунун жыйынтыгында 4,1 миллион евро өлчөмүндөгү каражат казынага түшпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары сот футболчуну 2 миллион евро, атасын 1,5 миллион евро айыпка жыкты. Айыпталуучулар Испаниянын Жогорку Сотуна арыздана алышат.
Испаниянын мыйзамдарына ылайык, сот кимдир бирөөнү 2 жылга жетпеген мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарса, муну шарттуу жазалар менен алмаштыруу мүмкүн. Андыктан ата-бала Месси камакка алынбай калышы мүмкүн.