Бүгүн, 28-октябрда жаратылыш министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев менен америкалык "StoneX Group" корпорациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Министрлик бул жолугушуу 2026-жылдын 21-сентябрында АКШнын Нью-Йорк шаарында башталган диалогдун уландысы экенин кошумчалап, анда аталган компаниянын жетекчиси менен президент Садыр Жапаров жолукканын эске салды.