Бүгүн, 6-июлда америкалык актёр, сценарий жазуучу жана режиссёр Сильвестр Сталлоне 70 жашка толду. Ал мектепти аяктаган соң Швейцариядагы америкалык колледжде окуган. Мекенине кайткандан кийин актёр болууну чечип, Майамидеги университетте драмалык искусствону изилдеген. Окуусун бүткөндөн кийин Нью-Йорктогу театрларда иштеген.
Ийгилик актёрго "Рокки" тасмасынан кийин жылмайган. Бир айда тартылып, 1976-жылы Американын кинотеатрларында көрсөтүлө баштаган "Рокки" тасмасы кыска убакытта 225 миллион чогултуп, 3 "Оскар" сыйлыгын алган. Боксёр тууралуу тартылган кино Сталлоненин жашоосун өзгөрткөн. Жакыр жашоодо жашаган актёр бир заматта дүйнөгө белгилүү болуп, Голливуддун мегажылдызына айланып чыга келген.
6-июлдун жылнаамасы.