ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: Атактуу италиялык ырчы Тото Кутуньо 73 жашка толду

Мындан 73 жыл мурун, 1943-жылы 7-июлда италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо Италиядагы Тоскана аймагындагы Масса-Каррара облусунда жайгашкан Фоздиново шаарында туулган.

Ал Адриано Челентано, Жо Дассен, Далида, Ricchi e Poveri сыяктуу аткаруучулар менен кызматташып, атактуулукка өзүнүн "L’italiano" аттуу ыры менен жеткен. Загребде өткөн
"Евровидение-1990" сынагынын жеңүүчүсү.
Атасы деңиз аскери болуп, трубаны тартып ойногон. Анын артынан Тото Кутуньо да бул аспапты өздөштүрүп, өз алдынча урма аспаптарда жана аккордеондо ойногонду үйрөнгөн. 13 жашында аймактык музыкалык сынакта 3-орунга ээ болгон. 19 жашына чейин Кутуньо жергиликтүү музыкалык топтордо урма аспаптарда ойногон. Андан соң "G-Unit" ансамбли менен Финляндияга 6 айлык турнеге чыккан. Ал жактан келип өзүнүн "Toto e Tati" тобун негиздеген. Топ менен биргеликте Италияда гастролдорго чыгып, ыр жаза баштаган. 1980-жылы жеке ырчылык менен алектенип, 1983-жылы Сан-Ремодогу сынакка "L’italiano" ыры менен катышкан. Анда 5-орунду алса да, көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча 1-орунду алган. Бул ыры азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет.
7-июлдун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldar.
2016-07-07 10:38:43
Итальяно ырын ото баалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан