Мамлекет башчысы өзүнүн 60 жылдык мааракесине карата үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап, өзү чыгарган бир нече ырын CD-дискке жаздырууну чечти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 7-июлда билдирди.
"Буга чейин орус тилинде 5 ыр жазылган. Аны үн режиссёр Эрнист Үмөталиев президенттин кеңсесинде жаздырган эле. Аудио жаздырууга мамлекет башчысынын бир саатка чукул убактысы кетти. Август айында, эмгек өргүү учурунда президент кыргыз тилинде дагы 5 ырын жаздырууну мерчемдөөдө", - деп айтылат маалыматта.
"Ырларды угуп, президенттин көптөн берки жолдошторунун бири Фуркат Турсунов эски советтик фильмдердеги эпизоддорду пайдалануу менен ал ырларга клиптерди жасаган. Алардын даяр болгонун режиссёр өзү каалаган убакта интернетке чыгарат", - деп билдиришти маалыматтык-саясат бөлүмү.
Ошондой эле ырларды үн жазгычка жаздырган Эрнист Үмөталиевдин өтүнүчү боюнча президент жаш режиссёр Мирлан Саткынбаевге Кыргыз жаштары тууралуу өзүнүн көрмө материалдарынын негизинде ырлардын бирине клип тартууга уруксат бергени белгилүү болду.
"Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айтканын да эске сала кеткибиз келет. 2017-жылдагы шайлоодон кийин президент чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенүүдө", - дешти президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү.