Сот Нурлан Мотуевди СИЗОдо кармоо убактысын дагы 2 айга узартты

Сот Нурлан Мотуевди СИЗОдо кармоо убактысын дагы 2 айга узартты. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 6-июлда чыгарган.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү коомдук ишмер Нурлан Мотуев “согуштук аракеттерге үндөгөн” деген шек менен камакка алынган. Буга анын 12-май күнү “Элдик парламенттин” өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Анда Мотуев кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырган.

Ошондой эле Биринчи Май райондук соту “бийликти басып алууга аракет жасаган” деп камакка алынган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековду СИЗОдо кармоо убактысын да 2 айга узартты. Алар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча март айында кармалышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
lolo.1
2016-07-07 13:23:57
Мотуевдин жаны аялы не болуп атты экен а?камакта жатса Мотукебиз
-2
leilek_suluktu
2016-07-07 13:50:20
Мотуев жаш кызга уйлондум деп мактанып журот элего.
-5
leilek_suluktu
2016-07-07 13:51:27
Акчам коп баймын деп кооп кети окшойт тоова деп журолу
-2
marmiladka9
2016-07-07 13:56:50
Мотунун шору куруптур го
0
bom.bon
2016-07-07 14:16:36
Фигура кандай болуп калды экен.а то чыкканда кийин сотторго согуш ачат
0
tashi62
2016-07-07 14:34:06
Окшошкондор десе булар эл үчүн эмне иш кылды? булар саткындар .
+4
Rifle_S
2016-07-07 15:48:08
tashi62,Мотуев саткын эмес эле го ?
-5
Ashygym
2016-07-07 14:48:12
Мотуев тренировка кылып жургон убагында, ар бир депутатты "Рингге" чакыратго деп журдум эле, ага жетпей камалып кетти
+5
beka1207
2016-07-07 15:35:27
Туура эле кылат!
Ар кайсыны суйлобой дагы эки ай отурса акылына кирип калар.
+4
Rifle_S
2016-07-07 15:49:24
Мотуевди бошоткула. Калганын камап салгыла. Бектур Асановду түбөлүк камаса да мейли, ал 2010-жылы эле камалыш керек эле.
-6
Nurkyz1977
2016-07-07 15:56:57
Мотуев тушунугу жок албуут озу кыйын сезип суйлосо да озуно куч келтирип суйлойт мындай адамдар саясаттан алыс болгону жакшы.
+1
Beko87
2016-07-07 16:43:49
Суйлогон созуно караап кантип саясатка келип калганын тушунбойм.
+2
Malik92
2016-07-07 17:32:41
Как будто Атамбаев бийлике элдин ыраазычылыгы менен келгендей да. ХХХ ХХХ ХХХ
+3
admin_portal
2016-07-07 17:49:33
Malik92, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
-5
Futuro
2016-07-07 18:06:28
Мотуюп Дональд Трампты туурап ойлонбой сүйлөп алып тилдин азабын чегип атат. Эртең мененки кросс, штанга, гантель, жардам бербейт буга. Тилди машыктырышың керек эле да мээ экөөнү. Ошондо ход конём болмок. А мне тут по кайфу ишим жок силер менен
+3
Abdyrawit
2016-07-07 21:36:46
Бектур Асанов дагы деле жүрөбү... Эч ак эле камаш керек болчу... Буларды мен кыргыздын патриоту деп эсептебейм. Бирөөбү фанат, бирөөбү революцияны мыкты уюштуруучу, бирөөбү акчакор, Кыргыз элим мындай адамдарды ээрчисек, алыска барбайбыз!!
+2
azyk_kyrgyz
2016-07-10 02:08:09
Эх Мотуев,Мотуев эч ким сиз жонундо эч нерсе билбейт деп ойлойсуз,аман-эсен эле болсонуз болду го эми ал жерден чыгып алып "вор в ЗАКОНЕ" болом дебей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан