"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп айыпталган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов 2016-жылдын 12-майына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсуна отургузулушту. Тиешелүү чечимди бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Айта кетсек, К.Кадыров жана Б.Асанов коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.