Каржы министрлиги жакынкы күндөрү
"Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо" долбоорун каржылоону пландап жатканын аталган министрликтин маалымат кызматы 7-июлда билдирди.
Өкмөттүн 2016-жылдын 22-июнундагы буйругун аткаруу максатында Каржы министрлиги республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесинин эсебинен 1 миллиард сом суммасында кошумча акча каражаттарын тапты жана быйылкы жылдын июль-август айларында Транспорт жана жол министрлигинин Жол чарба департаментинин табыштамасына ылайык каржылайт.
Каржылоо Балыкчы-Корумду унаа жолунун 46,5-76,5 чакырым, 81,1-83,640 чакырым аралыктагы жолуна макулдашылган график менен жүргүзүлөт.