СУПЕРСТАН: "Менин кылыктарыма чыдаган күйөөмө рахмат" деп ичимден ыраазы болуп кетем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндердин кылыгы" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Эгерде жолдошум бир-эки күн үйдө жок болсо, кагынып-силкинип калам. Ошондой маалда көбүнчө баламды кичине какыс-кукус кылып коём. Анан кайненем мени урушуп калат".

"Аял киши амалкөй, бир тараптан заар да келет эмеспи. Ошол кайнене, кайын сиңдилерден өтсөк өтөбүз, бирок калбайбыз. Келин деп басаңдатып турганы да жакшы бир жагынан. Албетте, көп нерсе тарбиядан болот".

"Мен кыялымды күйөөмө көрсөтүшүм мүмкүн. Кээде туруп ушул менин кылыктарыма чыдаган күйөөмө рахмат деп ичимден ыраазы болуп кетем".

"Бетке айткан мүнөзүм бар. Ошонун азабын көп тартам. Анда 3-балам менен кош бойлуу элем. Абысыным Москвадан келип, конок чакырабыз деп калды. Барып кечке кыймылдап жүрдүм, акырында идиштерин жууп, жыйыштырып бүттүк. Эки балам уктап калган. Чарчаганымдан энем менен күйөөмө "жүрүңүздөр кеттик" деп айтып калдым. Ошондо кайнагам "Дарханай, ичеги-карынды артып кет" деп айтса болобу. Өзүм араң турган жаным "жеңем өзү жууп алсын, мен чарчадым, басыңыздар кеттик" деп кетип калгам. Бечара кайнагам унчукпай калып калды. Ушундай тентек келинмин".

"Балам менен айылда бир айдай жүрүп калдым. Ал мезгилде жолдошум Орусияда болчу. Бир күнү кечки тамакты даярдап, "апа, ата, баскыла, тамак ичебиз" деп айтып калдым. Атам кичине кызуураак болчу, кайненеме бир нерсе деп үйгө кирип, "кызым, баскыла эмес, басыңыздар деп жүр" деп урушпай эле акырын айтып калды. Бетим кызарып, сөз таппай, оозумду кыйшайтпай "биз жакта сиздер-биздер дебейт да, эми акырындык менен үйрөнөм" деп өзүм жаман болуп кеткем. Катуураак тийип алганмынбы деп ойлой берем. Кыялыма келсек, өтө чорт, жиним биринчи бетиме чыгат. Кайын журтту деле кээде кагып-силкип коюп, ит-мышык болбойлу деп артынан күлүп басып кетем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lolo_pepesh
2016-07-07 16:14:10
Эх женелер женелер козду гана кызартасынар да
-1
Aman-moskva
2016-07-07 17:00:56
Жакшы екен разы болсо
0
Kunbeken
2016-07-07 18:59:20
Менде да тузук эле кылык бар бактыма менин кылыктарыма кабагым кашым девей чыдай турган омурлук жар туш болсо экен деп тилейм(Оомин, Иншаллах)
0
ZANIA-92
2016-07-07 19:04:48
Менин кыялыма чыдаган учун,мен сага ыраазымын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан