Кытайдагы математика боюнча эл аралык олимпиадага Кыргыз Республикасынан 6 окуучу катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикалык олимпиаданын жыйынтыгында алдынкы орунга ээ болгон окуучулар тандалып алынып, Гонконг шаарында өтүп жаткан математика боюнча 57-эл аралык олимпиадага катышууда.
"Өлкөбүздө өткөрүлгөн жалпы республикалык олимпиадада алдынкы орунду алган 10 бала тандалып алынып, алар кайрадан сынак тапшырышты. Жогорку балл алган 6 окуучу Кытайга жиберилди. Алар үчүн атайын даярдыктар да көрүлдү", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, олимпиада 16-июль күнү жыйынтыкталат. Билим сынагына 100 курама топ катышат. Кыргыз Республикасынын атынан Бекжол Жолдубай уулу, Саадинур Азисбек уулу, Дослан Жекшеев, Абдыганы Исаев, Илларион Абдыкаимов жана Жылдыз Камбаралиева катышат.
Бул мелдеш 1959-жылдан бери өткөрүлүп келет.