СУПЕРСТАН: "Биздин салттардын арасынан мага нике түн жакпайт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызымдын кайсы салты сизге жакпайт?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Чынын айтсам, баары жакпайт, мүмкүн, илгери өз тартип, каадалары менен болгондур, бирок азыр өтө эле одоно болуп кеткендей. Эптеп өзүн көрсөтмөй, кубанычтуу күндү деле, өлүмдү деле тойго айландырып алганбыз. Эртеси күнкү чачылган азыктарды көрүп ичиң ачышып кетет".

"Биздин салттагы адам өлгөндө элге той сымал чамынып, тамак-аш бергени жакпайт".

"Улууларга өз оюңду айтып жатсаң, "айтышпа" дегени жакпайт".

"Биздин салттын арасынан мага нике түн жакпайт. Жеңелери аңдышканы жакпайт. Ошол нерсени эки жаштын өздөрүнө эле койсо бүтүрүп алышмак".

"Ала качуу салт эмес. Билсеңер, илгери уруучулук маалда ала качып кетишип ,артынан барып өлгөн эрдин кунундай эле салык салып кайтышкан. Демек, ошондо эле жагымсыз окуялардын бири болгон. Аталардын "жети атасын билбеген - жетесиз кул" деген сөзү жакпайт. Муну азыркы күндө колдонууга такыр болбойт. Макул, илгери уруу-уруу болушуп аз-аздан жашашкан. Бир айылдын кишиси айылдын аркы бурчундагы кишинин баласына анын 7 эмес, 9 атасына чейин айтып үйрөтө алган. Азырчы, айылдын аркы башы эмес 3-4 үйдүн ары жагындагыларды тааный бербейсиң. Анан да ата-энесинин жашоосу анча окшобой калса байкуш баланы "жетесиз кул" деп кемсинткени бүгүнкү күндө туура эмес. Улутту сактап калуу үчүн маанилүүдүр, бирок сен ал балага үйрөтүп, ал жаттай албаса, анда башка кеп".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
munduz2016
2016-07-07 18:03:06
Салттардын жакшыларын алып жакпаганын кайрадан озгортуу керек.
0
Bek-Laden.80
2016-07-07 18:52:21
Мага Кыргыз элимдин баардык салты жагат.Жакбаганга айтаарым европаны туурап жарым жылаңач,гей,болуп алгыла.
+7
kgbekish
2016-07-07 19:06:46
maga baary jakpait
-7
maks94.kb
2016-07-07 19:35:48
Салт дегенди колдоно бербейм жашоо меники ойумдагыдай жашап отуу менин каалом албетте Аллахтын буйругу менен
+4
salimbek87.kg
2016-07-07 19:47:02
Мага баардык эле салты жагат,бирок эки салты жакпайт тойлордо ото эле ысрапгерчилик кылганы жакпайт,анан арак шарапты колдонгону жакпайт ото эле коп колдонот тойдун акырына барып тойго келген адамдын жарымы карап турсан сыртан жасап койгон маймылдай болуп калган болот.(бул жеке оюм).
+1
lolo.1
2016-07-07 20:57:49
Нике туну жакпайт мага дагы.уялып кетесинда жарыя кылып жууп жайып койгондо.эки жаш оздору билсе болду да
+4
aibars
2016-07-07 22:26:39
Мен ошол нике тунун ойлогондо эсим эки болуп жатат. Бул жапайычылык деп ойлойм. Эн негизкиси болчок жубайым менен менин ортомдо ошол тун экообуз куткондой отсо ошол башкысы деп ойлойм. Анан биздин интимдик мамилебизди эч ким козомолго алууга жол бергим келбейт.!!!
+1
gulaza
2016-07-07 23:17:02
Мага жене болгон жакбады
-1
Usow
2016-07-08 07:26:45
Салтыбызда женелердин андышы мага деле жакпайт себеби шариятта мындай деген жок калаберсе азыркы жаштардын кобу эле ушу женелердин андышынан кабатырга тушуп оз ишин биринчи туну аткара албай калышып жатат баарын оздоруно эле коюп женелер да кирип агалар менен жатып алса баардыгы ойдогудай эле болушат. Болочок жаш уй булолор эми эле тошокто бир бирлери менен эркелешип ынанышып атканда женелер эшикти, терезени артында кубур шагыр кылышса албетте аларга терс,таасирин тийгизетта.
0
Momyn12
2016-07-08 09:19:44
Алибетте нике тундо женелер аралашканы бул жапайычылык муну токтотуш керек. Алибетте кыз ала качуу кылмыш дегендей мунуда бир жолун табыш керек мыйзамда
0
TGA
2016-07-08 11:59:55
Мага кыргыздын салттары жагат. Тил, салт жоголбошу керек. Ар бир улуттун каада салты болот.
0
simone
2016-07-08 12:50:57
Мага жагат салттарыбыз. Ал эми женелерибиз нике тундо андыбай эле, кабар алып турушса болот, себеби кыз нике тундо кыйналып калышы мумкун.
+2
Rifle_S
2016-07-08 13:42:18
Кыпгыздын салты, маданияты менен кыргыз болуп келгенбиз.
Европа мына салты да жок , маданияты да жок. Эркеги эркегине, аялы аялына үйлөнүп жүрөт . Жанвбарларга үйлөнгөндөрү да жок эмес.
Мага баардык каада салт жагат.
0
NURSAPAR
2016-07-10 23:34:14
женелер кубо, акыл насаат айтчулар, бул салтыбыз, жакпаса Америкага барып жашагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан