Раиса Атамбаева Москвада илимий диссертацияны коргоп, медицина илимдеринин доктору даражасына ээ болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Москвада Н.А.Семашко атындагы Коомдук саламаттыкты илимий-изилдөө институтунда доктордук диссертациясын коргоп, медицина илимдеринин доктору болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Р.Атамбаеванын илимий иши Кыргыз Республикасынын өспүрүм кыздардын репродуктивдик саламаттыгын коргоого арналган жана 318 беттен турат. Анын илимий консультанты медицина илимдеринин доктору, профессор Эльмира Мингазова диссертациялык ишке баа берип, Р.Атамбаева аналитикалык ой жүгүртүүгө жана билимдерди системдештирүү ыкмаларына ээ экенин билдирет.

"23 адамдан (17си медицина илимдеринин докторлору) турган Диссертациялык кеңештин жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Раиса Атамбаевага медицина илимдеринин доктору даражасын берүү чечими кабыл алынды. Бул чечимге 23 "макул", 0 "каршы" деген добуш берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2016-07-08 11:50:08
Жеңебизге да ийгилик
+10
Мэри
2016-07-08 11:51:55
Жакшынакай...
+7
ishikylsa
2016-07-08 17:23:50
Куттуу болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан