Кытайдын космостук программасынын тарыхында биринчи жолу чет элдик космонавт "Тяньгун" орбиталык станциясына учту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:18де "Шэньчжоу-24" башкарылуучу космостук кемеси үч адамдан турган экипажы менен орбитага ийгиликтүү чыкты. Кеме Кытайдын түндүгүндөгү Цзюцюань космодромунан CZ-2F ракетасынын жардамы менен учурулган.
Экипаждын курамында эки кытайлык космонавт - Тан Хунбо жана У И, ошондой эле Пакистандын өкүлү Мухаммад Зишан Али бар. Ал Кытайдын орбиталык станциясына барган алгачкы чет элдик космонавт болуп калды.
Кеме белгиленген орбитага ийгиликтүү чыгып, учуусун штаттык режимде уланткан.