Ош облусунда Орозо айындагы битир-садагадан түшкөн каражатты эсептөө иштери башталды

Ош облусунда Орозо айындагы битир-садагадан түшкөн каражатты эсептөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Ош облустук казыятынан Нургазы Каримов билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулуктан түшкөн каражатты эсептөө үчүн Ош облустук мусулмандар казыятынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү райондордогу мечиттерди кыдырууну башташты.

"Өткөн жылы битир буудайдын базар наркы менен эсептегенде 1 килограмм буудай 40 сом болгон. Ал эми быйыл буудайдын баасы 32 сом деп эсептелүүдө. 2015-жылы битир-садагадан Ош облусу боюнча 5 миллион 959 666 сом каражат чогулган", - деп кошумчалады Каримов.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 822 мечит бар. Облустун райондоруна бөлүнүп иштеп жаткан комиссиянын каражатты эсептөө убактысы 4 күнгө созулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akyn-jurogu
2016-07-08 11:17:01
Иши кылып ортодон жен ичине кирип кетпесе эле болду.
+1
zhykyo
2016-07-08 11:49:06
Беш колду тыгып жибербей ары жак бержака болуп бергиле чыпалак менен салып дегендей озунорго
+1
Rifle_S
2016-07-08 12:30:53
Бул акчаларды эч ким жебейт. Бюджеттин акчасы беле жутуп жибере тургандай . Элдин кайрымдуулук акчасы экенин эстен чыгарбайлы.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан