Француз режиссёру Бенжамин Мартини туристтерди Кыргыз жерине келип эс алууга чакырат (видео)

Кинорежиссёрдук эмгек жолун жаңы баштап жаткан франциялык Бенжамин Мартини Кыргыз жеринин кооздугу тууралуу алгачкы дебюттук фильмин жарыялап, туристтерди Кыргыз жерине келип эс алууга үндөгөн.

"Менин жаңы эмгегим тууралуу эмне айта аласыздар? Сиздер байкагандай, фильм мурунку эмгектеримден айырмаланат, себеби Кыргыз жеринин керемет кооздугу жана жаратылышы мага өзгөчө дем берди. Кыргыз жери тууралуу тасмамды болушунча сырдуу жасоого аракет кылдым", - деп жазган Бенжамин Мартини.

Кыргыз жеринде туура бир ай жүргөн Мартини дебюттук тасмасын "Кыргыз жеринде эки жума" деп атаган. Режиссёрдун айтымында, Кыргыз жерине келүүнүн 5 себеби бар. Алар: арзан баалар, Кыргыз элинин меймандостугу, даамдуу улуттук тамактар, бай маданият жана жаратылыштын чексиз кооздугу.

Бенжамин Мартини Француз кинематография мектебинин бүтүрүүчүсү, анда саякатка багытталган тасмаларды тартууга басым жасалат.

"Кыргыз жеринде 2 жума". Француз режиссёру Бенжамин Мартининин дебюттук фильми
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aikol87
2016-07-08 12:13:30
Кандай гана кооз керемет жер.коруп кубанычымдан ыйладым.Сагындым сени мекеним,кудакааласа Куздо барам.
+1
nazira1989
2016-07-08 15:43:16
aikol87,ин ша Аллах аман-эсен келгиле...)
0
aikol87
2016-07-08 23:26:22
nazira1989,рахмат.
0
stimyl.kg
2016-07-08 12:19:08
Менин жерим менин мекеним.
0
aitowa11
2016-07-08 12:21:27
Москвада радиодон да ысыкколго чакыруу болуп атат
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-07-08 12:50:03
Москванын маяк радиосунан Кыргызстан жонундо программасын угуп кубандым.Кыргыз жерине барып эс алууну ундоп канчалаган мамлекетте эс алып келдим Ыссык-Колдой кооз жерди коро элекмин деген созун угуп аябай кубандым дагы толтура жакшы создор айтылды кыргыз жери жонундо.
+1
Shek
2016-07-08 13:06:34
Мекеним кандай сонунсун канчалаган жерди жузундо сендей кооз жерди корбодум...
0
Akshumkar
2016-07-08 13:59:23
Кыргыз болуп торолгонумо кубанам. Анткени Кыргызстандай жер эч кимде жок.
0
ekaterinburg
2016-07-08 13:59:57
))))))Тигилердин ойногон,кубангангандарын коруп мен да кубандым.Видео буткучо жылмайып кордум.Соонун тартылыптыр.Коруп алып Мекенимди чындап сагынганымды сездим!Кетем буюрса!))))
0
Kani1994
2016-07-08 14:30:15
вау УКМУШ го,сонун жаңылык экен!!!
0
aseras
2016-07-08 14:55:40
Сонун чыгыптыр...бирок тоолорду,Ыссыкколубузду,Сары челек, пансионаттарды кошуп аралаштырып тартса андан да сонун болуп чыкмак.даяр ишке сынчы болуп койдум окшойт)) ийгилик режиссорго.Дагы кутобуз...
0
nazira1989
2016-07-08 15:42:27
Укмуш,укмуш,укмуш тимеле кооздугун айт,Кыргызстанымдай жерди таппайм го жердин бетин туро кыдырсам да...Укмуш!Кыргыз болуп Кыргызстанда торолгонумо сыймыктанам...)Оркундой бер мекеним!!!
0
Arslan77
2016-07-09 16:33:01
Түштүк тарапка да бир келип кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан