СУПЕРСТАН: "Сырымды адамга эмес, жамгыр менен көлгө айтып жеңилдеп алам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Досуңа сырыңды ачпа, ал канчага чейин дос болорун билбейсиң" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөр:

"Эң туура айтылган сөз. Бирок кээде кимдир бирөөгө ичиңдегини айтып, тең бөлүшүп жеңилдеп каласың. Досуң болбосо, сырыңды эже-сиңдиңе айтсаң да болот".

"Чыныгы дос бир туугандан артык болот. Кээ бир достор бат эле душман болуп калышы мүмкүн деп айтышат. Беш кол тең эмес, андай учурлар да болуп кетиши мүмкүн".

"Ооба, беш кол тең эмес. Сырыңды жашыра ала турган, сага моралдык жактан колдоо бере алган достор деле бар. Анча-мынча достукту сатып кеткендер менен аларды салыштырууга болбойт".

"Аялың же күйөөң жок болсо да досуң менен бактылуу болсоң болот" деп айтылган кептер да эл арасында бар эмеспи. Бирок андайга татыктуу досту да издеш керек деп ойлойм".

"Мүмкүн, күлкүлүү сезилеттир, бирок сырымды адамга эмес, көлгө барганда же жамгыр жааганда күбүрөп айтып жеңилдеп алам. Ал мага акыл айтып же мени урушуп жемелебейт, тек гана мени угуп коёт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2016-07-08 12:32:08
Сырын бироого айтпай озундо сактап жургон адам эн кучтуу адам деп ойлоймун,себеби сен сырын бироого айтсан озун сактай албаган сырды бироо сактай алар беле?.
+1
Nurkyz1977
2016-07-08 14:59:38
Сырынды эч кимге айтпаш керек мен болсо кундолугумо жазып женилдеп алам болгон сырынды суйунучунду же кайгы кыжаалатчылыгынды жазып бекем жерге катып коесун ал эч кимге айтпайт жана унчукпай бар сырынды угат.
0
byityska
2016-07-08 16:22:42
Мен сырымды эч качан эч кимге айтпайм, анткени азыр он козун сол козуно душман.
+2
arzygulR
2016-07-10 03:09:59
Менда эч кимге айта албайм кулагымда наушник суунун боюнда кооп журсом ошол жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан