2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун имараттарынын курулуш жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштеринин планы Судьялар кеңеши тарабынан бекитилди. Сунуш Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти тарабынан берилген. Бул тууралуу 8-июлда Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Сот департаментинин планы боюнча ушул жылы 25 жергиликтүү соттордун имараттары оңдоп-түзөөдөн өтөт. 14 мекеменин имараты капиталдык оңдоодон өтсө, 10 имараттын айланасы курчалып, текшерип-өткөрмө пункттары орнотулмакчы жана утурумдук оңдоо иштери жасалмакчы. Мындан сырткары бул жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун жаңы имаратын куруп баштоо пландалууда.