Өзгөн шаарынын борбордук базары өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт

Өзгөн шаарынын борбордук базары өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын маалымат кызматы 8-июлда билдирди. Маалым болгондой, инспекциянын Өзгөн шаары, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча башкармалыгы тарабынан Өзгөн райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен биргеликте Өзгөн базарында өрт боюнча тактикалык машыгуу сабактарын өткөрдү. Базардын чыгыш тарабынан, тактап айтканда, Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүнөн "Келечек" базары аркылуу базардын батыш тарабын көздөй жүрүп баратканда өрт өчүрүүчү автоунаага бир топ соода дүкөндөрү тоскоол болду. Инспекция тарабынан 35 сатуучуга эскертме баракчалары берилди.

Түзүлгөн пландын негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 21-пункттан турган укук бузуу табылды. Одоно мыйзам бузууну жоюу үчүн актылар түзүлүп, жазма буйрук тапшырылды. Базардын директорунун милдетин аткаруучу Момуш Закирбаев өзү баш болуп базардын жолуна соода-сатык үчүн мыйзамсыз токтом чыгарып берген фактылар аныкталды. Ошондой эле базардагы соода күркөлөрүн жеке ишкер Икрам Карабаев базардын түштүк тарабында жайгашкан өзүнө тиешелүү соода-сатык үчүн жер тилкесинен сырткары 2,8 метр жалпы пайдалануучу жолго (кызыл сызыкка) чыгып, убактылуу курулуш куруп алган. Ага Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 396-беренесинин негизинде 15 миң сом административдик айып салынды. Өзгөн шаарынын Волкова көчөсүндө жайгашкан 24-үйдүн тургуну Саип Хожанбердиевге да 15 миң сом административдик айып салынып, мамлекеттин эсебине инспекция кызматкерлери тарабынан айып пул өндүрүлдү.

Базардын кызыл сызыгынан чыгып кеткен 35 соодагерге темир сандыктарын алып салуу үчүн жазма буйрук берилди. Базардын батыш жагында орун алган атайын өзгөчө кырдаалдар учурунда (өрт чыккан учурда) керектелүүчү суу сактоочу көлмө жеке менчикке сатылып кеткен. Суу сактоочу көлмөнүн үстүнө 2 темир контейнер орнотулган жана темир контейнер 10 бөлүккө бөлүнүп, жеке ишкерлерге сатылып кеткен. Бул мыйзам бузган тарапты учурда инспекция толук көзөмөлгө алды жана тийиштүү деңгээлде жоопко тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akyn
2016-07-09 02:26:25
озгондун базарын башка жайга жылдыруу керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан