Орусиялык продюсер Иосиф Пригожин Атамбаевдин продюсери болууга даяр экенин айтып чыкты

Орусиялык продюсер Иосиф Пригожин Атамбаевдин продюсери болууга даяр экенин телеберүүлөрдүн биринде айткан.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев "Судьбе назло", "Я не могу жить без тебя" аталышындагы ырларын жаздырып, коомчулукка жарыялаган. Өлкө башчысынын жарыяланган ырлары бүтүндөй коомчулукка тарап, түрдүү пикирлерди жаратып келген. Президенттин жарыяланган чыгармаларынан кийин орусиялык продюсер Иосиф Пригожин жергиликтүү телеканалдардын бирине Атамбаевге продюсер болууга даяр экенин айткан. Ал өз сөзүндө: "Эгер ага продюсер керек болсо, мен даярмын. Жон Керри да гитарада, ал эми Билл Клинтон саксофондо ойнойт. Кимдир бирөө китеп жазат. Саясатчылар деле таланттуу болушат", - деген.

Ал эми өлкө башчынын жарыяланган ырларын кыска аралыкта миңдеген адамдар уккан. Ал тургай шоу-бизнес чөйрөсүндөгү айрым ырчылар да ырдап чыгууга жетишкен.

Орусиялык продюсер Алмазбек Атамбаевге өз кызматын сунуштап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
jymabay1982
2016-07-08 18:56:57
укканда женилдеп калат калат экенсин ото мундуу ырдайт экен
-2
aydarov...
2016-07-08 19:00:58
Жакшы молодец талатынызга таазим
-3
nemo2016
2016-07-08 19:07:34
Кыргызстанды дуйного танытты азаматсыз чыгармачылык ийгилик
-4
admiral
2016-07-08 19:13:42
Азаматсыз! Сиздин кесибиңиз саясатта эмес, ырчылыкта экен да, ошо неле окшошпойт деп коем)). Дагы чыгармачылык ийгилик каалайм, дагы жаңы чыгармаларды күтөбүз дегендей
+6
samidinova84
2016-07-08 20:10:11
admiral,укмуш жазыпсыз
-7
Aliyar85
2016-07-08 20:39:25
admiral,))) биз кол чаап сахнадан узатып коет елек деп койсон
+6
Azizbek.kg8
2016-07-08 19:48:14
Приздентибиз артист болуп кеткенгоо.
+4
Adi.Avazbekov
2016-07-08 21:37:54
Azizbek.kg8,jook artistter prezident bolup algan eken
+1
KyrgyzKagan
2016-07-09 09:27:16
Azizbek.kg8,Хе хе куудулдар айтмакчы саясатчы болуш учун, Же артист же аферист болуш керекда ))))
+2
Aitpaaim
2016-07-08 20:50:12
Артисттер шабашкага кино тартканы чыкса бийликтегилер ыр чыгарып шабашка кылат жылыш бар олкобуздо
-5
Qnet
2016-07-08 21:30:51
Билбейм,балким силер колдоп жаткандырсынар,бирок мага жакпай эле турат ушул нерсе!Канча деген мекендештерибиз талаалап журушсо,олкобуз жакыр болсо-президентибиздин моралдык укугу жок деп ойлойм ырдаганга!Мейли уйундо озунчо ырдамактан эмне кылса да оз иши!Бирок улам ырларын коомчулукка чыгарып жатканы,кыжырыма тийип жатат!
-1
s5kgbal
2016-07-08 21:48:41
Жайына койгула
0
kyrgyzbek7
2016-07-08 23:34:39
талантты болсо айла жок чыга берет..бирок КЫРГЫЗСТАНыбызда чоң-чоң көйгөйлөр чечилбей турат ыр жаздыргыча бир көрүнүктүү иш кылса жакшы болмок.
+3
aidai89
2016-07-09 09:53:14
Молодец биздин президент алга
+1
aidai89
2016-07-09 09:54:36
Кыргыздарга болсо бироо жакшы атагы чыгып которулуп атса эле аны басынтып турсак болду деги бизге эчнерсе жакпайт го шылдындап
+1
modern-group
2016-07-09 11:52:41
же ырчы болуш керек же жкдагы мандат талашты тартипке келтириш керек!!! 1 жыл болду уже коомчулуктагы маселени чечесинерби? же бироон ырдап, экинчин продюссер издеп, учунчун мандат талашып тортунчун талкуулап отуруп кыргыз омуру отуп кетеби ?
0
Kubalai
2016-07-09 19:31:52
ажо деген "АЖО" атына ылайык болсо жакшы болмок!Барсбек ырдаган бекен!Алымбек датка ырдаган бекен?
+1
Khabib
2016-07-09 22:11:15
жаш ырчылардын бири Алмазбек Атамбаев экенда
0
tamin
2016-07-10 02:15:09
Группа АША деп чыксын эми концерт берсин озу айткандай шыйрактан бойрок чыгарбай жон эле журбойбу дейминда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан