Президент Алмазбек Атамбаевдин "Судьбе назло" деген ыры бүгүн, 2-июлда өзүнүн аткаруусунда интернетке чыкты. Аталган ыр президент Алмазбек Атамбаевдин эң алгачкы ырларынын бири. "Судьбе назло" - менин ырларымдын эң алгачкыларынын бири. Бул менин жашоомдо девиз сыяктуу болду. Көпчүлүк учурда кыйынчылыктарды басып өтүүгө жардам берчү", - деп айткан Атамбаев. Ырдын музыкасын да өзү жазып, гитараны да өзү чертип ырдаган.
Клиптеги кадрлар режиссёр М.Убукеев тарткан "Провинциальный роман" тасмасынан алынган.