SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мылтык такаса да айтпай турган сырыңар барбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Жашоодо ушундай сыр болот экен. Ал сырды өзүңдүн же башка бирөөнүн келечеги үчүн, же болбосо батынып эч кимге айта албай ичиңе гана жутуп келет экенсиң. Мылтык такаса да айтпачу сырым бар".
"Менин да ошондой сырым бар. Аны мен жана дагы бир адам билет".
"Меники да бар. Эстесем өзүмдү коёрго жер таппай калам".
"Андай сыр жок экен. Болбой эле койсун, сырдын жүгү оор болот эмеспи".
"Менде сыр деле жок, төгүлүп-чачылып баарын айта берем".
"Сырымды ойлоно берип, өзүмдү өзүм ушул күнгө чейин кечире албай келем".
"Сыр катпайм, ачык айта берем. Бирок мылтык эмес, танк такаса да кайтып барбачу жерим бар".
"Сөөгүм менен кошо көмүлө турган сырларым бар".
"Жашырган сыр, менимче, күнөө болсо керек, ошол үчүн жашырылат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.