Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында кыргыз элинин улуттук суусундуктарын даңктоо максатында "Кымыз майрамы" аталышындагы жарманке уюштурулду. Иш-чарада келген конокторго кымыздын түрлөрү, пайдалуулугу, жасалышы жөнүндө айтылып жатты. Анда өлкөнүн 7 аймагынан алынып келинген кымыздар коюлуп, мыкты кымыз аныкталды. Нарын облусундагы Кочкор районунун Ормон-Хан айылынан алынып келинген кымыз мыкты деп табылды.
Жарманкенин жүрүшүндө ыр-күүлөр чертилип, таяк тартмай, аркан тартыш сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду. Кызыктыруучу белек катары жеӊүүчүлөргө кымыз берилип жатты.
Уюштуруучулардын айтымында, "Кымыз майрамын" жыл сайын салттуу түрдө белгилөөнү пландап жатышат.
"Биздин негизги максатабыз - Кымыз майрамын, Кымыз күнүн расмий түрдө белгилөөгө жетишүү. Мындай демилгени Жогорку Кеӊешке сунуштоону пландап жатабыз. Бүгүн катышуучулар 7 дубандан келишти. Майрамдык иш-чара биз ойлогондой жогорку деӊгээлде өттү", - дейт уюштуруучулардын бири Таласбек Күлчоро уулу.