"Ош-Тазалык" ишканасынын абоненттери 18 миңден ашуун адамга көбөйдү
"Ош-Тазалык" ишканасынын абоненттери 18 635 адамга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда аталган ишкананын басма сөз кызматынан Динара Касымова билдирди.
Ишкана жетекчиси Талант Капаров Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, жалпы "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери катышкан жыйында 6 айлык иш боюнча жыйынтык чыгарды. Ишкананын абоненттеринин саны өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 18 635 адамга көбөйгөн. 2015-жылы 199 130 адам болсо, учурда 217 765 кожолукка жеткен. Талант Капаров өз сөзүндө жакынкы аралыкта 500 даана таштанды челектери жолдордун жээктерине коюларын айтты. Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлердин көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери да угулуп, аларды чечүү жолдору талкууга алынды.