СУПЕРСТАН: "Калпычы адам өмүр бою оӊолбойт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жалганчы адам" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Калпычы адам өмүр бою калп сүйлөп өтүп кетет. Бир калпын жабам деп экинчи калпты айтат, андан кийин тиги айткан калпын жабам деп дагы калп айтат. Анан ошентип жүрө берип адат болуп калат. Аягында барып бир күндө бир калп айтпаса башы ооруй турган болот".

"Андай адамдар оӊолбойт. Алар Нива унаасына окшош. Канча жасалгаласаӊ да жол тандабас болбойт".

"Эгер сөзүнөн жаӊылып катуу өкүнсө, өзү казган чуӊкурга өзү түшкөндө гана оӊолушу мүмкүн".

"Калпты жабам деп кайрадан калп айтканга туура келет. Ошентип жүрсө калпычы адам өмүр бою оӊолбойт".

"Алдаган адам кайра миӊ оӊолом десе да өзү билбеген түрдө жалган айта берет. А сиз экөөбүзгө окшоштор ишенип кала беришет".

"Бүгүнкү күндө элдин баары эле алдайт. Алдоонун түрү көп болуп жатпайбы. Мисалы, бирөөдөн акча алып, анан бүгүн-эртеӊ берем деп калп айта берген алдамчылар өмүр бою өзгөрбөйт".

"Жалган сүйлөгөн адам өзү деле байкабай калп сүйлөй берерин түшүндүм. Демек, адам өзү калпычы экенин моюндап, аны оңдоого аракет кылса, балким, адаты калышы мүмкүн. Бирок жалган сүйлөө да талант экен деп да ойлоп кетем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
leilek_suluktu
2016-07-11 20:00:31
Менда жалганды суйлойбойм деп айта албайм.20% 30% суйлойм 100% ке жетпейт.
0
Medina87
2016-07-11 21:43:22
Калп айтууну онокотко айланткандар айыкпас "Калпычылар".
Ал адам озун-озу алдап омуру отот.
+1
tashi62
2016-07-12 02:18:19
Калпычы менен ууру эч качан жарыбайт.
+2
byityska
2016-07-12 08:45:57
Кыргыз элинде соз бар "Калптын казаны кайнабайт" деген. Калп айткан адам жарыбайт. Кээ бир учурларда калп айтканга туура келип калат.
+1
Xan007
2016-07-12 10:17:33
Уйронгон адат калабы уйга жугон салабы деген макал барго
+1
kukunana
2016-07-13 10:31:16
Нива жол тандабас эмей эмне???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан