Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынан келген Архитектуралык кооздоо ассоциациясынын башчысы Лань Фан айым менен жолугушту. Анда ар тараптуу кызматташуу туурасында сөз болуп, аны менен катар Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү багыты боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу 9-июлда Ош мэриясынан билдиришти.
Сабиров Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, Кытай тараптын шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жатканын айтты.
“Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жатканы мени кубандырат. Гуандун провинциясынан келген бүгүнкү инвесторлор шаарыбыздагы ишкерлер менен бирдиктүү иш алып барып, калаанын
гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп терең ишенем”, - деди Ш.Сабиров.
Лань Фан айым Кытай туулган жери болсо, Ош шаары анын сүйүктүү жайларынын бири экенин айтып, инвестор тартуу багытында иш алып барып жатканын белгиледи.
"Өткөн жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Андыктан бул шаарга керамика, курулуш материалдары, пластикалык терезелерди чыгарган ири компаниялардын жетекчилерин алып келдик. Азыркы тапта иштебей калган бир нече өндүрүш ишканаларын карап чыктык. Биз Ош шаары менен кызматташууга даярбыз”, - деди Лань Фан.