Чүйдө туристтик сезон үчүн жарандарды кабыл алуучу милициянын көчмө кабылдамасы ишке кирди (фото)

Чүйдө туристтик сезон үчүн жарандарды кабыл алуучу милициянын көчмө кабылдамасы ишке кирди. Анын ачылыш аземи бүгүн, 9-июлда болуп, иш-чарага Чүй ОИИББинин башчысы Капар Батырканов жана ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев катышты.

Капар Батырканов өз сөзүндө: “Милициянын көчмө кабылдамасы Чүй облусунун аймагында жашоочулардын жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыздайт”, - деди.

Эки көчмө кабылдама бүгүндөн баштап ишке кирет. Анда үчтөн кызматкер эки нөөмөт менен иштейт. Бири Токмок шаарына чейинки аралыкты караса, экинчиси Чүй облусунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен жерине чейинки аймакты карайт. Анда жарандар жакынкы милиция бөлүмчөсүнө барып отурбастан, көчмө кабылдаманын ичинде арыз жазып, тиешелүү жардам ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан