Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурумда Жогорку Соттун имаратын жүздөгөн милиция кызматкерлери курчап турушат

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча сот отурумунун жүрүшүн жүздөгөн милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Москва көчөсүндөгү Панфилов менен Орозбеков көчөлөрүнүн аралыгын милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер катуу көзөмөлдөөдө. Жогорку Соттун имараты жайгашкан көчөгө шаар тургундарынын документтерин жана көтөргөн баштыктарын атайын аппараттар менен текшерип өткөрүп жатышат.

Белгиленген соттук отурум саат 10:00дө башталды. Учурда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Жогорку Соттун имаратынын айланасында 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипти көзөмөлгө алууда.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Июнь окуясына күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adiko.saitov
2016-07-11 10:58:14
сотук чечим озгортуп боштондука чыгарса тан калбайм
0
marat009
2016-07-11 20:21:34
Аны эмне учун анчалык катуу козомолго алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан