Жогорку Соттун төрайымы Бишкек шаардык сотунун жамааты менен жолукту

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Бишкек шаардык сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери менен жолушканын 11-июлда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова соттун иши тууралуу маалымат берди. Сот отурум залдарын, иш бөлмөлөрүн жана соттун архивин көрсөттү. Ошондой эле Токбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинде да болуп, анын ишмердиги менен таанышты.

Андан кийин жумушчу кеңешме өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасынын маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан