Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда Журналисттерди коргоо эл аралык эркин уюму Азимжан Аскаровду бошотууга жардам көрсөтүү суранычы менен Германиянын канцлери Ангела Меркелге кат жолдоду. Сураныч кат аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Катты жолдогондор Меркелден өкмөт өкүлдөрү менен болгон жолугушууда сөз эркиндиги тууралуу маселелерди күн тартибине киргизүүнү, Алмазбек Атамбаевди Бириккен Улуттар Уюмунун чечимин аткарууга чакырууну суранышкан.
Эске сала кетсек, БУУ "улуттар аралык мамилелерди козуткан" деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду абактан бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган.
"Урматтуу канцлер Меркель, Журналисттерди коргоо эл аралык эркин уюму Кыргыз Республикасына келгениңизде күн тартибине сөз эркиндигинин маселелерин киргизүүнү, Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин аткарууга чакырышыңызды суранат", - деп айтылат кайрылууда.
"Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иштерин изилдеген Азимжан Аскаров "улуттар аралык жаңжалдашууну тутандырган, 2010-жылдын Июнь окуясында укук коргоо кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар" деп соттолгон. Анын апелляциясы кабыл алынбай келген. Журналисттин адвокаттары 3,5 жыл аракет кылып, жыйынтыгында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети биздин кайрылууларды туура деп таап, Кыргыз Республикасы Аскаровдун бошотушу керектиги, ага компенсация төлөнүшү керектиги тууралуу чечим чыгарган", - деп жазылган катта.
Эске салсак, Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргыз жергесине келет.
Журналисттерди коргоо эл аралык уюму - дүйнө жүзү боюнча кысымга алынган, өлтүрүлгөн журналисттер тууралуу маалыматтарды чогултуп, алардын укугун коргогон эл аралык бейөкмөт уюм.