Вьетнамда ата-бала 40 жылдан ашуун жунгли токойлорунда АКШнын бомбалоосунан жашырынып жүргөн жеринен кадимки жашоого кайтышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Хо Ван Тхань уулу Хо Ван Ланг менен 1972-жылы АКШнын асмандан жасалган чабуулуна дуушар болушкан. Бул чабуул алардын үй-бүлөсү жашаган бүтүндөй айылды талкалап салган. Туугандарынын баары ошол согушта каза болгон соң Ван Тхань уулун алып жунгли токойлоруна кирип кеткен. Ошол бойдон Ван Тхань согуш дале уланып жатат деген ой менен өмүрүнүн 40 жылдан ашуунун чер токойдо өткөргөн.
3 жылдык нормалдуу жашоодон кийин Хо Ван Ланг жунгли токойлоруна кайра барып, сүрөтчүгө мурунку жашоосун образдуу түрдө көрсөтүп берген. Сүрөттөрдөн анын кантип жашаганын, кийинип жүргөндөрүн көрүүгө болот. Атасы 85 жашта болгондуктан, токойго келе алган эмес. Андыктан анын сүрөттөрү интернетте кездешпейт.
"Жакын арада адамдар пайда боло калган учурларда биз алардын көзүнө көрүнбөөгө аракет кылып, болушунча алысыраак кеткенге умтулчубуз", - деп айткан Хо Ван Тхань.
Жакында эле согушта аман калган туугандарынын бири аларды таап алып, нормалдуу жашоого кайтып келүүгө көндүрүүгө болгон аракетин жасаган. Бирок жапайы жашоого көнгөн немелер оңой менен макул болушкан эмес. Ван Тханга медициналык жардам керек болгондуктан гана кайтууга макул болушканы айтылат маалыматтарда.
Ата-бала жунгли токойлорундагы жашоого аябай көнүшүп, тамак-аш табууга, жырткыч жаныбарлардан коргонууга үйрөнүшкөн. Болгону уулу Ван Ланг дүйнө менен байланыштан толук ажыратылгандыктан, 42 жашка чыкканына карабай убакыт тууралуу түшүнүгү жок. Ал үчүн эң кызык кереметтердин бири электр тогу болгон.
Учурда алар Вьетнамда айылдардын биринде жашашат. Хо Ван Ланг заманбап жашоого аз да болсо көнүп, жер иштетүү менен алек болуп, үйлөнүүгө камынууда.
Белгилей кетсек, 1950-жылдардын аягынан 1975-жылдын 30-апрелине чейин уланган Түштүк-Чыгыш Азияда болгон согуш Экинчи Вьетнам согушу деген аталыш менен тарыхта белгилүү. АКШ 8 жыл бою Вьетнам Демократиялык Республикасынын иштерине куралдуу аскердик кийлигишүүсүн уланткан.