Түштүк Кореянын жашоочусу маймылдардын коркунучтуу Зика вирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Зика оорусу маймылдарда кездешүүчү курч инфекциялык оору. Айрым учурда чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Оору кош бойлуу аялдар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.
Белгилей кетсек, вирус биринчи жолу 1947-жылы Уганда өлкөсүндө пайда болгон.