7 жыл мурун канадалык мушкер Артуро Гатти каза тапкан. 2009-жылы мушкердин сөөгү Бразилиянын Порту-де-Галиньяс курорттук шаарында табылган. Алгач өлүмгө шектүү деп анын жубайы Аманду Родригести кармашкан, анткени мушкердин жанында андан башка киши болгон эмес. Бирок Амандуга каршы айыптар жетиштүү болбогондуктан бошотулган.
Кылмыш иликтөөчүлөр канадалык мушкер, Дүйнөнүн экс-чемпиону Артуро Гаттинин өлүмү боюнча изилдөө иштерин аяктап, "өз жанын кыйды" деген тыянакты четке кагышкан. “Табылган абалы "өзүн өлтүрдү" дегенге коошпойт” дегенден башка шектүү илинчек таба алышкан эмес.