Чубак ажынын теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды

Чубак ажы Жалиловдун теле жана радиолор аркылуу сабак өтүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Чубак ажы жакынкы күндөрү жума намазда эл алдында баян айтып жатып билдирди. Буга чейин ал 3-4 телеканал жана радио аркылуу баян айтып, эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип келген. "Мындан башка сүйлөй турган жердин баары азыр биз үчүн тосулуу, бир гана минбар (мечиттин трибунасы) тосулган жок. Анткени "бул киши азыр сүйлөсө болбойт" деп чечимди бирөөлөр чыгарган болуш керек", - деп билдирген.

Эскерте кетсек, июнь айынын башында Чубак ажы Жалилов жума намаз убагындагы түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча сунушту активдүү колдоп, депутат Жанар Акаевдин дарегине катуу сын айткан. Бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.

Андан кийин УКМК Жалиловду суракка чакырып, эскертүү берген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (76)
ishikylsa
2016-07-11 16:30:44
Туура болду, Чубак ажы таза эле өзүн Кудайдан бетер сезип кеткен эле!
-18
Pirimkul
2016-07-11 16:32:00
Мен ойлойм ЧУБАК АЖЫНЫ СУЙЛОТПОЙ КОЮШ УЧУН Жанар акаев же дагы башкасы чет жактан чон суммадагы акча алды деп. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.
+4
Tiguuchu
2016-07-11 17:03:15
Корсотуп эле атат го телеканалдардан,насааттарын.
0
raku
2016-07-11 17:54:50
Tiguuchu, дагы элеби?...
+4
aash
2016-07-11 18:19:59
Мен Абдышукурдун сабактарын чын дилимден угам. Чубак ажынын сабактары ага жетпейт.
-6
Kyrgyz_shaa
2016-07-11 18:46:53
aash, антип бири бирин салыштырууга болбойт. Экоо тен Исламдын чон аалымдары, экоонун тен максаттары бир "элди ыйманга чакыруу". Жада калса Исламда болунуу деген болбойт. А сиздин айткандарыныз Абубакир Сыддык р.а Умар р.а дан жакшыраак дегендей эле болуп калды. Аллаhым озу кечирсин бизди!!!!!!
+3
aash
2016-07-12 12:38:33
Kyrgyz_shaa, Абу Бакр Аль Багдади дагы мусулман Аалым. Бирок ал кишинин айынан сирияда, иракда канча мусулмандар кырылып атат. Муну да салыштырууга болбойбу? Теренирээк ой жугуртуунузду суранат элем.
0
7.patriot
2016-07-11 20:57:30
Ооо Аллах ушул ХХХ бийликтен бизди куткара кор.
+2
admin_portal
2016-07-12 09:54:23
7.patriot, этика нормаларын сактаңыз!
0
bekhaliev
2016-07-11 22:53:46
мен Кыргызстан бийлигинен отоо капа болдум,ошондой аалымдардан сабак алып кыйла эл онолду эле
+2
ruslanz
2016-07-11 22:58:59
Чубак а-га окшогон бироо эле элди бузуп койот экен. Кээ бир олколордо ошондой болуп жатпайбы. Чубак а-га болушуп силерге эмне пайда. Эн башкысы тынчтык. Чубактын "сенин жаназана турбайм, башкаларга да айтам"дегени туурабы. Сабырдуу болуш керек да. Мен Акаевди колдогон жерим деле жок. Чубактыкы туура эмес.
-5
kona_bmw
2016-07-12 00:18:26
ruslanz, элди бузчуларды айтсан сен Ажыкеге асылбай, сен анын элге насааттарын укпаган окшойсун.. Мен лично болушам Ажыкеге, пайда учун эмес, Аллахтын дини учун болушам! Ошол сен айткан тынчтыка чакырып аткан кишини кайдагы денгээли томон адамдар кысып атышат. А сен пайдан учун колдой бер каалаганынды!
+2
Sezim.A
2016-07-11 23:15:54
Кечиримдуу болсонор болмок,Жараткандын кусуру уруп журбосун.Тообо кылдым уч уктасам тушумо кирбеген иш болуптур.
-3
Abdyrawit
2016-07-12 01:16:03
Чубак Ажы агай эл сиз менен болот.. Кудай буйруса дагы бир жылдан соң кайрадан ТВ радиолордо болосуз
+1
kukunana
2016-07-12 02:03:39
Саясат сасык деген ушу да.
Саясат сойку аялдай дешет. Ага жабышсаң жамандыгы сөзсүз тиет.
0
_adil_
2016-07-12 03:14:32
Эн начар. Дин жолунда жашаганга не жетсин. Баардык адамдар бирдей болот элего. Качан ошол кун келет кыргызым качан чыныгы мусульман болобуз. Ак ийилет бирок сынбайтдеген жакшы созбар.
+1
BarsBaatyr
2016-07-12 07:23:38
Биздин бийликтегилердин копчулугу шииттерден акча алып турат деп укчу элем.Ошол туура ондонуп калды.Элди туура жолго ундоп,ак менен караны ажыратууну уйротуп жаткан инсандардын бири ушул Чубак ажы.Жанар дагы ошол шииттердин акчасынан даам татып калган окшойт.Кудай озу сактасын,кокус эртен Кыргызстаныбыз Сирияга айланып кетчу болсо биринчи кезекте так ошол Жанар Акаев куноолуу болот.
+2
admin_portal
2016-07-12 10:01:45
chechkin, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
0
blood
2016-07-12 11:44:14
Бизде демократия деп койюшат даагы Жанар жвкшы бала эле...... негедир ач коз болуп калыптыр
0
gulbadam91
2016-07-12 17:00:18
Аман эле болгула бийликтегилер.накта арттиссинер да эми Жанар Акаев сиз бийлегенди уйронуп алыныз атаныз ырдаганда бийлеп берип турасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан