Аксы районунда паспорттон "улуту" деген жазууну алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков билдирди.
Маалым болгондой, Аксынын Кербен шаарында 12-июлда өтүүчү митинг күз айларына калтырылды.
"Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын мүчөлөрү кеңешип, 12-июлдагы нааразычылык митингин күз айларына калтырышты. Азырынча өлкө жетекчилерине дагы убакыт берүүнү туура көрдүк. Учурда митинг токтотулганы менен, маселени чечүү талаптарынан баш тарта элекпиз", - деп билдирди Надырбеков.
Белгилей кетсек, митингде социалдык беш маселе көтөрүлмөк: чек ара маселеси, Үңкүр-Тоо, "Кумтөр" кени жана өлкөдөгү башка кендер маселеси, паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы ойлор, Токтогул суу сактагычындагы суу, электр энергиясы жаатында 700 киловатт-сааттан ашкан төлөмдү алып салуу талаптары.
Буга чейин 29-июнда "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков 12-июлда митинг өтөрү туурасында айткан.