Аксы районунда ВИЧ илдетин жуктуруп алган 16 адам дарыланууда

Аксы районунда соңку мезгилдерде ВИЧ илдетин жуктуруп алган 16 адам дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эпидемиологу Жумагүл Жуманалиева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы районунда ВИЧ, СПИД оорусун буга чейин 24 адам жуктуруп алган. Анын ичинен 2008-жылдан бери 5 аял, 3 эркек киши каза болгон. Каза болгондордун арасында 24 жаштагы кыз да бар. Ал эми улуусу 1963-жылы туулган аял.

"Учурда коркунучтуу ВИЧ, СПИД оорусу менен ооруган 8 аял, 8 эркекти, жалпысынан 16 адамды дарылап жатабыз. Алардын төртөөсү Орусияда эмгектенет. Калган 12 адам райондун ар кайсы айылдарында жашашат. Алардын ичинде эң жашы 1988-жылы туулган кыз. Ал эми улуусу 1951-жылы туулган аял. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз. Ага карабай жыл сайын ВИЧ, СПИДге кабылгандардын саны өсүүдө", - деп кошумчалады Жуманалиева.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылы ВИЧке кабылгандардын арасында 1 аял көз жарган. Дарыгерлердин айтымында, баланын канында ВИЧ оорусуна тиешелүү вирустар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Arslan12
2016-07-11 19:09:14
Кудай сакта Россияда 4 дейби, абайлагыла адамдар!!!
+4
nuri_kerben
2016-07-11 19:19:44
Кудай сакта аксыда дейби , аксы элим аман эле болунуздар ....
+1
leilek_suluktu
2016-07-11 19:57:51
Кудай сактасын
0
meerimma84
2016-07-11 20:21:58
эмнеге кобойуп жатат ушул ооруу, олгондорду кантип аныкташыптыр именна вичтен деп
-1
nuri_kerben
2016-07-11 21:13:57
Вич оорусу аныкталган сон медиктерде учетто турат ал оорулууу адамдар ...
+2
Bek1996_01
2016-07-11 21:41:05
Учёто турбаганы канча
+2
kalima88
2016-07-12 01:06:24
Корком , корком, корком...Чын -тогунун билбедим бирок, биздин айылдан бироо ушул аты жаман оорудан олгон дешип журот...
+2
kalima88
2016-07-12 01:08:28
Таш-Комурдо СПИД менен ооругандар жайнап эле кетиптир .Шамалдуу-Сайдан тараган деп журушот . Ар кошкон эл да ...Ваай,элестетип алып эле коркосун ....
+1
saltanat.
2016-07-12 02:03:49
Аксы каякта?
-1
Beko87
2016-07-12 04:32:43
saltanat.,Америкага эки километр жетпей бериреекте)))))
+8
kalima88
2016-07-12 04:37:18
saltanat.,Кыргызстандын географиясын бир кайталап алышыныз керек экен!!!
Аксы -Жалал-Абад облусундагы жаратылышынын кооздугу коз жоосун алган район.(тимеле , сиз биле тургансып мактанып алыпмын да )))).
+3
Usow
2016-07-12 07:35:51
Аллах озу сактасын мындай ооруудан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан