Бишкектеги жашылча-жемиштердин базар наркы (фоторепортаж)

Учурда жашылча, мөмө-жемиш жана жер-жемиштин баары бышып, базарларга толуп турган мезгили. Мындай учурду Кыргыз эли бышыкчылык маалы деп атап келет. Көз жоосун алып, кооз көрүнгөн жемиштердин баасы, өндүрүлгөн жери жана сапаты туурасында сөз кылуу үчүн борбор калаадагы "Ош базарына" бет алдык.

"Ош базарындагы" айрым сатуучулар базар баалары өткөн жылга салыштырмалуу кымбат экенин айтышууда. Ошентсе да сатуучулар жаңы чыккан жер-жемиш, жашылча жана мөмө-жемиштерди сатып алууга ашыгышат.

Базар наркында помидордун баасы 50 сомдон 60 сомго чейин бааланууда. Ал эми дүңүнөн сатып алуучулар үчүн 1 килограмм помидор 40-45 сомго сатылат. Сатылып жаткан помидорлор жергиликтүү дыйкандардын талаасында өстүрүлгөн.

Ал эми коондун 1 килограммы 25-30 сом болсо, дарбыздын 1 килограммы 15 сом, дүңүнөн 11 сомго сатып алса болот. Сатуучу Тажимырза Мырзакеев: "Быйыл базарда жашылча-жемиштер кымбат бааланууда. 2015-жылга салыштырмалуу айрым мөмө-жемиштер 5-10 сомго кымбат. Ал эми базардагы 5 метр орундук үчүн күн сайын 500 сом төлөйм. Соода жакшы болбой жатат", - дейт.

Каарманыбыз Тажимырза Мырзакеев 5 жылдан бери базарда соода кылат. Өтүмдүү мөмө-жемишти арзан баада дүңүнөн сатып алып, элге ыңгайлуу келген баада 3-4 сом кошуп сатат. Соода ишин жандантуу максатында уулун жардамга чакырган. Учурда уулу дүң базардан коон, дарбыз алып келсе, өзү аларды сатуу менен алектенет.

"Казакстандан келген коон, дарбыздарды алып сатып жатам. Азырынча жергиликтүү дыйкандардын талаасында дарбыз, коон быша элек. Ошондуктан Казакстандан келген коон, дарбыздар кымбат болуп жатат", - деп кошумчалады соодагер Мырзакеев.

Жашылча-жемиштердин наркына токтолсок, 1 килограмм бадыраңдын баасы 50 сом, капустанын 1 килограммы 25 сом, картошка 30 сом, пияз 20 сом, кызыл болгар калемпири 50 сом, ачуу калемпирдин 1 килограммы 250 сом.

Базардагы сатып алуучу Самат Ташбаев: "Азыр дарбыз, коон, помидор жана башка
жашылча-жемиштерге ашыкча өлчөмдө дары кошуп жатышат. Бул деген кыргызды кыргыз кыруу дегендикке жатат. Кытайлардын химикат кошулган жемишин жеп ден соолуктан ажырап жатабыз",
-дейт.

1 килограмм сарымсактын баасы учурда 200 сомго жеткен. Дүңүнөн 120-140 сомго сатып алса болот. Козу карындын 1 килограммы 100 сомдон сатылууда.

Базардагы мөмө-жемиштин наркы менен кошо эттин баасын билүүгө кызыгып көрдүк.

Өзүн Клара деп тааныштырган сатуучу айымдын айтымында, уй этинин 1 килограммы 250 сомдон 270 сомго чейин бааланат. Ал эми кой эти 240 сомдон 280 сомго чейин. Жылкынын эти 300 сомдон 350 сомго чейин сатылууда. 1 килограмм чучуктун наркы 500 сом.

Ошондой эле нан базарга да баш бактык.

Түрүнө жараша 10 сомдон 100 сомго чейинки көлөмдөгү нандарды табууга болот. Куштарбек Батыралы уулу базарда нан сатып иштейт. Ал күн сайын 500гө жакын нан сатууга жетишет. Дүңүнөн алып, ар бир нанга 3 сом кошуп сатат.

"Нан сатып иштеп жатканыма аз эле болду. Кээде бир күндө 1000-1500 сом табам. Күнүмдүк жашоого жеткирсе болот", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
leilek_suluktu
2016-07-12 11:47:16
Колбасаларга этке ыссыкка чымын чычып кетпейби
0
Rasul1987
2016-07-12 14:43:33
leilek_suluktu,арзан шыйрак мында - деп ырдап сатты кайран эл дегендей эле экен.
0
KGstan1981
2016-07-12 11:56:16
антисанитария 21 кылымда эттерди,колбасаларды холодильникте сакташ керек.Нандарды киленкага ороп коюшпайбы.Бирок баа мен азыр Воркутадамын помидор 100руб турат бизде Кыргызстанда арзан экен.
+2
Nur-Aman
2016-07-12 13:31:11
Москвад Помидор 69р. Бадран 49р. Нан 11р. Кортошка 24р. Уй эти 280р. Мына ушундай Москвада...
0
tynara81
2016-07-12 17:08:12
Nur-Aman,кайсыл жерде экен уй эти 280 рубль. Уй эти 350-380, сулп эт 400 дөн жогору го. 11 рубль батон да Ашандагы, тандыр нандар 20 дан жогору го.
0
daiyrbekov_91
2016-07-13 11:36:43
tynara81,уй эти Москвада 230дан 280ге чейин,350дон деп биринчи сизден уктум
0
Beko87
2016-07-12 13:47:26
Москва менен Кыргызстан баалары бирдей.Кыргызстанда акча табыш ото кыйын Москвага караганда.
+1
Kyialbek.a
2016-07-12 14:04:56
Бул кайсы убактагы дарбыз коон бышканына 1 ай болдуго туштукто
+1
tynara81
2016-07-12 17:09:42
Кыргызстанда картошка 8 сом экен. Москвада 40-50 рубл (жаңысы). :).
+2
piramida
2016-07-12 21:22:40
tynara81,Жанысы оптом алсан 1-2 мушок 15-18 ге чейин, килдеп алсан 20-25 сомго чейин.
+1
асю
2016-07-13 10:38:08
Южно-Сахалинскте черешня 500р. 3-4 эсе арзан экен
+1
jon.as
2016-07-14 11:57:10
Камчаткада, нан-46р, картошка-65р, черешня-500р, бадыран-350р, помидор-180р, уй эт- 380р, кой эт- 450-500р, пияз-65р, сабиз-110р
0
umut87
2016-07-14 22:05:15
дарбыз коон туштуктон апкелип жататко арзан элэ местный сатуучу жалган айтыптыр кымбат сатып шылтоолоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан