Өкмөт жарандарды турак жай менен камсыздоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюу тууралуу Турак жай курулуш кооперативи коалициясынын билдирүүсүн четке какты

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниясы гана иштеп жатканын 12-июлда өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Өкмөт мындан башка эч кандай компанияларды түзбөгөндүктөн улам Турак жай курулуш кооперативи коалициясынын билдирүүсүн четке какты.

"Интернет мейкиндигинде Турак жай курулуш кооперативи (ТКК) коалициясынын катышуусундагы пресс-конференциядан тартылган видео таркатылып, анда алардын жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча өкмөттүн программасын ишке ашыруу үчүн Кытай Элдик Республикасынан инвесторлорду тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишимге кол коюу ниети тууралуу маалымдалат.

Буга байланыштуу билдирсек, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана өлкө жарандарын жаңылышууга алып барууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы ишке ашырылууда. Аталган программаны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясы түзүлүп, анын иши 2015-жылдын декабрь айында башталган. Бул максатта өкмөт башка эч кандай компанияларды түзгөн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан