Мындан 72 жыл мурун, 12-июлда Кыргыздын "Соң-Көл чүрөгү", "сахнанын ханышасы" аталган, театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева төрөлгөн. Ал Нарын облусунун Чаек кыштагында жарык дүйнөгө келген. Бул инсан тууралуу сөз болгондо периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, ички дүйнөсү баладай таза, ишенчээк жан жана Ак Мөөрдүн элесин берген ак куу, трагедияга айланган өмүр, армандуу тагдыр көз алдыга тартылат. Көзү өткөнүнө бир топ жылдар болсо да, Таттыбүбү Турсунбаеванын жапжаш, сулуу элеси эл эсинде сакталып турат.
Театр жана кино тармагында бир топ ролдорду ойногон актрисанын тагдыры "Ак Мөөр" тасмасындай трагедиялуу аяктаган. Тасмада сүйгөнү Болотко жетпей калгандай эле чыныгы жашоодо да актёр Болот Бейшеналиев экөө бири-бирин сүйгөнү, бирок тагдырдын тайкылыгынан бирге боло албай калганы тууралуу көп маалыматтарда айтылат.
Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.
12-июлдун жылнаамасы.